ЧӨП БАШЫЛОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Үстүртөдөн, тийди-качты болуп, анда-мында бир тийип иштөө, чокулап тим болуу же бир жерге орун алып, байыр алып тура албоо. Өзүңүз деле ар кайсынын башын кур койбой, чөп башылайсыз деши мүмкүн (Бейшеналиев). Ошол себептен аларды чөп башылап гана айтышым ылайык (Үмөталиев). Бирин-серин эмгектен качкандар чөп башылап кызмат кыла баштады (Алыбаев).